• Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл  лицейи  «Сапат» билим берүү мекемеси менен Кыргыз Республикасынын билим берүү Министрлигинин 1992 жылдын 2-майындагы келишиминин, Ысык-Көл областтык  мамлекеттик администрациясынын 1992 жылдын 4 августундагы № 137 «Областтык мамлекеттик-жеке менчик кыргыз-түрк лицейин ачуу жөнүндө» токтомунун негизинде Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылында ачылган. Ысык-Көл областтык  мамлекеттик администрациясынын 1995 жылдын 4 июлундагы  № 59, Мамлекеттик мүлк Фондусунун 1996 жылдын 27 декабрындагы №316 токтомдорунун негизинде Каракол шаарындагы Тыныстанов көчөсүндөгү «Каракол» мейманканасынын имараты жана Ысык-Көл Университетинин №1 жатаканасы лицейге өткөрүлүп берилгенден кийин Каракол шаарына көчүрүлүп келген