• Биз ар бир окуучубуздан тарта бүтүндөй коом алдында эбегейсиз жоопкерчилик сезебиз. Себеби, ар бир мектеп жаңы муунга мыкты билим, жакшы тарбия берүү жаатында жөнөкөй эмес, бирок улук милдетти аткарат деп билебиз. Хусаин Карасаевдин атын алып жүргөн Ысык-Көл лицейи жана башталгыч мектеби Каракол шаары жана областтагы эң алдыңкы билим берүү мекемелеринин бири. Муну шаардык, областтык, республикалык жана эл аралык олимпиадалардагы жетишкендиктер, түрдүү жааттардагы таймаштардагы жеңиштер, ошондой эле ЖРТ жыйынтыктары тастыктай алат. Алдыбызга койгон максат – өтө тездик менен өзгөрүп жаткан заманга ылайык жөндөмдөрдүн ээси болгон, жашоодо ийгиликке жеткен жана башкалардын ийгилигине жетүүсүнө да көмөкчү боло ала турган, эмгек рыногунда мыкты атаандаштык жарата алган, мекени үчүн күйүп-бышкан адеп-ахлактуу, илим-билимдүү муун тарбиялоо. Эгерде биздин окуучулар Кыргызстандын чыныгы патриоту, Айтматов айтмакчы, күн сайын адам боло алган, дене бою гана эмес, кулк-мүнөзү да саламатта болгон, өз мансабында компетенттүү адис, ар дайым өнүгүп-өсүүгө умтулган жана башкаларга ак дилинен жардам берүүгө даяр инсан болсо – анда биз бул дүйнөдөгү милдетибизди аткарган болобуз.